top of page

Булгануулардын тарыхын чечмелей — АРТ ПРОСПЕКТ жана TRASH 5 

Бишкек, Кыргызстан

Боло турган жери: «Дубовый парк» галереясы, Пушкин көч., 78а жана «Сакталып калган китептердин китепканасы» Алтын-Казык конушу, Бишкек ш.

22-сентябрь – 5-октябрь, 2023-ж.

Программа

Арт Проспект жана Trash 5 фестивалы эки эл аралык паблик-арт фестивалдарын бириктирет: Арт проспекти фестивалы, 5 өлкөдө анын куратору катары 2012-жылдан бери CEC ArtsLink уюму жана Trash фестивалы, 2010-жылдан бери Бишкектеги заманбап искусство мектеби жана Тазар тарабынан уюштурулуп келет. Бул жылы фестиваль Грузия, Казакстан, Орусия, Швейцария жана АКШдан келген жыйырмадан ашык сүрөтчүлөрдү таштанды көйгөйүнө арналган сайт-спецификалык инсталляцияларды жана перформанстарды түзүү үчүн бириктирет. Искусство, илим жана таштандыга байланыштуу маселелерди талкуулоонун кесилишинде фестиваль айлана-чөйрөнүн булганышы кандайча болуп жаткандыгын жана бул глобалдык көйгөйдү кантип чечүүгө аракет кыла аларыбызды жакшыраак түшүнүү максатында куралдарды жана стратегияларды иштеп чыгууга үмүттөнөт. Фестивалдын катышуучулары искусство чыгармалары, архивдик изилдөөлөр, статистика, жеке тажрыйба баяндары, кайра иштетилген материалдардан жасалган интерактивдүү инсталляциялар жана перформанстар аркылуу өз аймактарындагы айлана-чөйрөнүн булганышы тууралуу окуялары менен бөлүшүшөт.

Аймактагы геосаясий жана экономикалык туруксуз кырдаалга жооп катары Арт проспект жана Trash 5 фестивалы тарыхты, анын өткөн мезгилге жана келечекке тийгизген таасиринин призмасы аркылуу жаңыдан түшүнүүгө, ошондой эле экологияга багытталган ыкмаларды колдонуу менен азыркы учурду жаңыча көз-караш менен бамдоого чакырат. Фестивалдын сүрөтчүлөрү визуалдык жана перформативдик чыгармалар аркылуу жерибиздин, абабыздын жана суунун экологиялык трансформациясынын негизинде социалдык өзгөрүүлөрдүн тарыхын түшүнүшөт. Фестиваль конокторду жакынкы тарыхты жана аларды курчап турган чөйрөнү изилдөөгө чакырат жана өткөн мезгилге карата жаңыча ой-жүгүртүү  жана келечектин жаңы образын түзүү үчүн жаңы перспективаларды сунуштайт. Бишкектеги резиденция учурунда катышуучу сүрөтчүлөр фестиваль үчүн убактылуу коомдук-арт инсталляцияларын жана спектаклдерин биргелешип түзүү боюнча өздөрүнүн окуялары, методологиялары жана стратегиялары менен бөлүшүшөт.

Арт проспект жана Trash 5 фестивалы Бишкектин эки жеринде: Бишкектин түндүк-батыш четинде жайгашкан таштанды таштоочу жайдын жанында жайгашкан Алтын-Казык кыштагында жана "Дубовый паркындагы" С. А. Чуйков атындагы мамлекеттик галереяда өтөт. Сүрөтчүлөр таштанды таштоочу жайдан чыккан уулуу түтүн 22 метрден ашык бийиктикке жетип, жыл бою районду каптаган экологиялык жана социалдык кырсык аймагы болгон Алтын-Казыкта паблик-арт инсталляцияларын жана перформанстарды жаратышат. Бишкектеги заманбап искусство мектеби жана жергиликтүү экологиялык активисттер тарабынан уюштурулган буга чейинки Trash Festivals фестивалдары чыгармачылык иштер аркылуу коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган коомдук арт-инсталляциялар, перформанстар жана жакында эле "сакталып калган китептердин китепканасы" долбоору аркылуу бул экологиялык апаатка коомчулуктун көңүлүн бурдуруп келген. С. А. Чуйков атындагы мамлекеттик галереяда көргөзмө, ошондой эле Дубовый паркындагы инсталляциялар жана перформанстар таштандылардын жана глобалдык калдыктардын морфологиясын изилдеп, конокторду активдүү жана экологиялык аң-сезимдүү жаран болууга чакырат.

 

Кураторлор / Уюштуруучулар:

CEC ArtsLink, Тазар Кыргызстан, Бишкектеги заманбап искусство мектеби (БЗИМ)

Уюштуруучулар жана фестивалдар жөнүндө кененирээк: 

CEC ArtsLink жеке жолугушуулар, коомдук иш-чаралар жана виртуалдык платформалар аркылуу сүрөтчүлөр менен жамааттардын ортосундагы диалог үчүн пайдубалын түзөт. 1962-жылы негизделген CEC ArtsLink уюму Америка Кошмо Штаттары менен Советтер Союзунун өкмөттөрү кансыз согуш жүргүзүп жатканда, алардын  жарандары үчүн жолугушуу, өз ара ишенимге негизделген мамилени түзүү зарыл экендигине ишенген. Бүгүнкү күндө маданият жана искусство ишмерлери жарандык коомдун өнүгүшүндө маанилүү ролду ойношот. Адамдарга бейтааныш нерсени изилдөө тажрыйбасын чогуу баштан өткөрүүгө жардам берүү менен, искусство чек араларды жоюп, жамааттарга ишенбөөчүлүктү жана чегинүүнү жеңүүгө жардам берет. Мамлекеттер өз чектерине обочолонгон сайын, сүрөтчүлөрдүн жана көркөм процесстин лидерлеринин иштеринин жамааттарды чыр-чатактарды азайтууга жана жергиликтүү, улуттук жана глобалдык деңгээлдеги бейкалыс пикирлерден арылууга үндөө зарылчылыгы келип чыгат.

 www.cecartslink.org;

https://www.facebook.com/cecartslink/;

instagram: CEC ArtsLink (@cec_artslink)

Бишкек заманбап искусство мектеби (БЗИМ) – бул бейтариз, өзүн-өзү уюштурган бирикме жана динамикалык платформа, ал искусство практикасын, ой жүгүртүүлөрүн, тажрыйбаларын ар кандай көрүнүштөрдө  жана көркөм чечимдер / жаңсоолор / аракеттер деңгээлинде топтойт жана жайылтат. Аянтча искусство жөнүндө "билимди"  жүгүртүү, топтоо, калыптандыруу, коммуникация, өз ара алмашуу мейкиндигин түзүү принциби боюнча иштейт, балким, бирок милдеттүү эмес, методологиялык жана теориялык базаны иштеп чыгууга, архивдик мейкиндикти жана Кыргызстандын заманбап искусствосун ишке ашыруу практикасын түзүүгө өбөлгө болот.

www.bishci.com;

bishkekartschool@gmail.com;

https://t.me/bishci;

instagram: @bishkek_art_school. 

Тазар Кыргызстан – бул Кыргызстанда экинчил сырьёну бөлүштүрүп чогултуу жана тапшыруу боюнча платформа жана мобилдик тиркеме. Алар шаар тургундарын таштандыларды/калдыктарды/экинчил сырьёну туура бөлүштүрүп чогултууга жана топтоо пунктарына же кайра иштетүүчү заводго тапшырууга үйрөтөт. Ошондой эле, Тазар мейманкана-ресторандык бизнес тармагын жана анын жумушчуларын экологиялык изи үчүн жоопкерчиликтүү болууга үйрөтөт.

tazarapp@gmail.com;

instagram&facebook: @tazar.app;

Download the Tazar app: App Store and Play Market.


Орусиядагы АКШнын Элчилигинин жана консулдугунун, Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин, Trust for Mutual Understanding жана The Kettering Family Фондуларынын, Кыргызстандагы Швейцария Элчилигинин жана Швейцариянын маданият иштери боюнча кеңеши Pro Helvetia’нын каржылык колдоосунун негизинде.

Арт Проспект фестивалы 

АРТ ПРОСПЕКТ - Бул социалдык жана экологиялык маселелерди чечүүгө, жергиликтүү жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн тартууга жана күчтөндүрүүгө жөндөмдүү трансформациялык күч катары искусствону жайылтууга көмөктөшүүчү көз карандысыз искусство уюмдарынын трансулуттук тармагы. "Арт – Проспект" фестивалы коомдук мейкиндикти активдештирген инновациялык көркөм долбоорлорду көрсөтүп, эл аралык кызматташтыкты жана жамааттардын катышуусун шарттайт. "Арт – Проспект" фестивалы дүйнө жүзүндөгү сүрөтчүлөрдү жергиликтүү көйгөйлөрдү, тарыхты жана маданиятты чече турган убактылуу, сайт-спецификалык жана партисипативдик искусство чыгармалары жана перформанстарды жаратуу менен кадимки шаардык пейзаждарды өзгөртүүгө чакырат. 2012-жылдан бери "Арт – Проспект" фестивалы Санкт-Петербургда (Орусия), Бакуда (Азербайжан), Тбилисиде (Грузия), Бишкекте (Кыргызстан), Киевде (Украина), ошондой эле онлайн режиминде өткөн. Орусиянын Украинага басып киришине жооп ирээтинде, CEC ArtsLink Санкт-Петербургдагы кеңсесин жапты жана Орусиядагы бардык коомдук долбоорлорду токтотту. Ошого карабастан, биз "Арт – Проспект" платформасынын алкагында сүрөтчүлөр жана кураторлор үчүн изилдөө резиденцияларын, билим берүү программаларын жана коомдук искусство фестивалдарын уюштуруу менен көз карандысыз кесипкөй искусство коомчулугун колдоону улантабыз.

Trash фестивалы

«Тазар Кыргызстан» жана Бишкектеги заманбап искусство мектеби ТРЭШ фестивалынын жана китепкананы түзүүнүн демилгечилери катары чыгышты. Фестиваль 2010-жылы Гүлнара Касмалиева менен Мурат Жумалиевдин демилгеси менен Art East заманбап искусство мектебинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан башталган. Башталгандан бери анын мааниси өзгөргөн жок – сүрөтчүлөр эксперттер, активисттер жана жарандар менен биргеликте искусство куралдары аркылуу айлана-чөйрөнүн булганышына көңүл бурдурушат.

 

Сүрөтчүлөр: Алена Абитова жана Бегимай Заирбек кызы (Кыргызстан), Чолпон Аламанова жана Алтын Капалова (Кыргызстан), Рахат Асангулова (Кыргызстан), Кэти Берд (США), Антонин Бринда (Чехия), Нелли Джаманбаева (Кыргызстан), Эллен Харви (США), Глюкля / Наталья Першина-Якиманская (Орусия/ Нидерланд), Кендал Генри (США), Адель Исмаилханова (Кыргызстан), Эрмек Йениш (Кыргызстан), Сыйнат Жолдошева (Кыргызстан), Чынаркуль Жусупкелдиева (Кыргызстан), Антон Карманов (Россия), Кирпи (Кыргызстан), Чынгыз Нарынов (Кыргызстан), Зарина Назарбек кызы (Кыргызстан), сТо Лен (США), Лера Лернер (Орусия), Климаттык чечимдер лабораториясы (Ольга Мнишко, Илья Кулешов, Нуржан Чунуева, Дмитрий Переяславский), «Сакталып калган китептер» тобу (Кыргызстан), Иара Ли (Бразилия) жана Нтабисенг ТеРео Моханела (Лесото), Анна Мартыненко (Орусия), Нурпери Орунбаева (Кыргызстан), Дмитрий Петровский DOXA (Кыргызстан), Антон Польский (Мейк) (Орусия/ Германия), Рахат Жороева жана Алиенора Курманбекова, Эко-Баткен (Кыргызстан), Ронья Рёммельт жана Сара Коллер (Швейцария), Илья Сибиряков (Россия), Стивен Сигел (США), Мишико Сулакаури (Грузия), Сауле Сулейманова (Казахстан), Textile Zero Waste (Бермет Борубаева, Аймээрим Турсалиева, Оксана Капишникова (Кыргызстан), Ярослав Тартыков (Кыргызстан), Алима Токмергенова (Кыргызстан), Диана Ухина (Кыргызстан), Владислав Ушаков (ЭкоМир) жана Гамал Соронкулов, Искендер Алиев (Кыргызстан), Ширетүүчү цех: Чынгыз Айдаров жана Саша Филатова (Кыргызстан), Миррахим Оппош-Шерден (Кыргызстан), Аян Бугебаев и Назерке Толеутай - Экинши (Казахстан), Умсунай Мусаева, Аделя Алымкулова, Агкул Омуракунова, Жанышбек Ботой, Айдай Мусабекова – Art Jashoo чыгармачылык аянтчасы (Кыргызстан), Белгисиз уста айымдар жана усталар (Кыргызстан).

Алтын-Казык

Алена Абитова и Бегимай Заирбек кызы ШАХМАТКА КАЙРА ИШТЕТҮҮ

Кендал Генри Паблик-арт боюнча мастер-класс

Маржан Жээнбекова Балдардын музыкалык экскурсиясы

Антон Карманов Укмуштуу Токой 

сТо Лен Бишкек таштанды полигонунун элдик музейи

Лера Лернер Табият жана маданияттагы этика, саясат жана таштанды экономикасына жаңыча көз-караш

Ольга Мнишко, Илья Кулешов, Нурзан Чунуева; Эксперт: Дмитрий Переяславский Климаттык чечимдер лабораториясы

Дмитрий Петровский (DOXA арт-группасы) Балыктар тобу

Ронья Рёммельт жана Сара Коллер - жергиликтүү аткаруучулар Жибек Бирикова, Чагалдак Замирбеков, Роман Хузин, Ольга Щетинина менен коллаборациясы Zwischenräume (Мейкиндик)

Илья Сибиряков Рематематика

Диана Ухина ЖЕР МЕНЕН КУБУЛЖУГАН ОБОНДОР

Эллен Харви Таштанды телепортациясы

Бишкек

Анна Мартыненко Кара айры куйруктун уясы

Ронья Рёммельт жана Сара Коллер - жергиликтүү аткаруучулар Жибек Бирикова, Чагалдак Замирбеков, Роман Хузин, Ольга Щетинина менен коллаборациясы Zwischenräume (Мейкиндик)

Ширетүүчү цех: Чынгыз Айдаров жана Саша Филатова Уулуу чөйрө

Стивен Сигел Толук себет

Мишико Сулакаури Кара белги

Эллен Харви Таштанды телепортациясы 

«Дубовый парк» галереясы

БЕРМЕТ БӨРҮБАЕВА, ОКСАНА КАПИШНИКОВА, АЙМЭЭРИМ ТУРСАЛИЕВА No textile waste (“ТЕКСТИЛЬ КАЛДЫКТАРЫНА ЖОЛ ЖОК”)
Эрмек Жениш  @BUCKS_COFFE_STORIES Желим стакандар жакшы жакка өзгөрүүлөрдү күтүшөт – ыргытып таштабоо адаты

АЛТЫН КАПАЛОВА ЖАНА ЧОЛПОН АЛАМАНОВА ЖАРКЫРАГАН ТОО

сТо Лен Сан ТВ

сТо Лен Санагартуу жана гигиена темасындагы архивдик плакаттардын ремикс сериясы

Мишико Сулакаури Кара белги

ГЛЮКЛЯ НАТАЛЬЯ ПЕРШИНА-ЯКИМАНСКАЯТИГҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН САНАТОРИЙ 

Антон Польский (Мейк) Бишкектин булганышы 

Сауле Сулейманова Триптих One Steppe Forward

ГАМАЛ СОРОНКУЛОВ, СҮЙДҮМБЕК КАЛМУРЗАЕВ, ВЛАДИСЛАВ УШАКОВ & ИСКЕНДЕР АЛИЕВ КРИСТАЛЛДЫК ОКУЯ

ДИАНА УХИНА АҢ-СЕЗИМ ЭКОЛОГИЯСЫ: АПСАЙКЛИНГ Коомдук программасы, 10-19- октябрь күндөрү, 2023

 

Онлайн

Кэти Берд Жаңы гармонияны издөө – Арт Проспект 2023

bottom of page