Acerca de
ДИАНА УХИНА (КЫРГЫЗСТАН)
АҢ-СЕЗИМ ЭКОЛОГИЯСЫ: АПСАЙКЛИНГ
Коомдук программасы
Дубовый парк галереясынын экинчи кабаты, 10-19- октябрь күндөрү, 2023
The Full Story
Баардык тирүү барлыктар баары өзгөрөт жана ар бир өзгөрүү чекитинде биз агымга таасир этебиз. Экологиялык жактан туруктуулук жана гармонизация баштала турган алгачкы нерсе – бул өзүбүз менен болгон мамилени жакшыртуу (ички экология), ал биз курган чындык менен өз ара аракеттенүүгө өтөт, анткени ал бардыгы биздин уландыбыз.
"Булгануулардын тарыхына жаңыча көз караш — АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5" фестивалынын алкагындагы "Аң-сезим экологиясы: апсайклинг" коомдук программасынын мейкиндиги жаратуунун, чыгармачылыктын жана керектөөнүн мүмкүн болгон ыкмаларына көңүл бурат. Объекттерди өндүрүүнүн жаңы циклине киришпестен, бар нерседен жаратууга мүмкүн болсочу? Кантип өзүн-өзү кайрадан курууга жана маанилерди, чыгармачылык менен байланыш жерлерин бар турган нерсени кайрадан чогултуу аркылуу түзүүгө болот?
Ошентип, коомдук программанын мейкиндиги бар болгон нерселерден түзүлөт - Бишкектеги заманбап искусство мектебинин (БЗИМдин) жана Синергия чыгармачылык өнөрканасынын мурунку көргөзмөлөрүнүн жана долбоорлорунун материалдары; текстиль калдыктарынан функционалдык - чыгармачылык объекттер; декоративдик-колдонмо искусствонун буюмдары жана курбу кыздардан жана достордон чогултулган интерьер элементтери. Программанын бардык иш – чаралары буга чейин түзүлгөн, процессте учурунда жаралып (видео, жарыялоо, кол менен коллаж, крафтивизм) же жаңы предметтик өндүрүштү талап кылбаган нерселерден чогултулат - дем алуу жана эс алуу, ой бөлүшүү, маанилерди кайталоо, окуу, чогуу чай ичүү дегендей.
Аң-сезим экологиясы, мамилелер жана иш – аракеттер экологиясы, дененин экологиясы - буларды биз коомдук мейкиндиктин алкагында сезебиз, жашап өтөбүз, түшүнөбүз.
Мейкиндик Бермет Бөрүбаева, Аймээрим Турсалиева, Чынаркүл Жусупкелдиева, Адель Исмаилханова, Алима Токмергенова, Сыйнат Жолдошева, Диана Ухина, Талгат Бериковдун эмгеги жана чыгармачылыгы, белгисиз уздардын, ошондой эле тартылган ыктыярчылардын эмгектери менен жаралат.
“Аң-сезим экологиясы: апсайклинг” мейкиндигинин элементтери
-
Китепкана жана эс алуу аймагы
Бул аймакта мейкиндик экспозицияга катышуу учурунда баарлашуу жана эс алуу үчүн, ошондой эле уюштуруучулардын жана фестивалдын катышуучуларынын көркөм, аналитикалык материалдарын окуу үчүн уюштурулган. Бул жерден сиз эки жыл мурда Бишкектеги заманбап искусство мектеби (БЗИМ) жана Тазар тарабынан уюштурулган Алтын-Казык конушундагы "сакталып калган китептер китепканасы" менен байланышасыз. Алтын-Казык - "Булгануулардын тарыхына жаңыча көз караш - Арт Проспект & Трэш-5" фестивалынын экинчи аянтчасы.
-
Кичи-кинозал
В мини-кинозале представлены видео-арт и фильмы, связанные с вопросами экологии, отношений людей с окружающей средой и с собой.
Кичи кинозалда экологияга, адамдардын айлана-чөйрө жана өзү менен болгон мамилесине байланыштуу видео-арт жана тасмалар көрсөтүлөт.
Видео программа:
-
Азаттыктан качуу видео-арты, 2010 (Бермет Бөрүбаева, Нэлля Джаманбаева, Оксана Капишникова, Алима Токмергенова, Диана Ухина – Стрекооза арт-группасы)
-
Металлдан жасалган нан даректүү тасмасы, 2015, тили: орусча (Чынгыз Нарынов)
-
Түндүк-Түштүк видео-арты, 2021 (Бермет Бөрүбаева)
-
Бишкексмог даректүү тасмасы, 2021 (Искендер Алиев, Бермет Бөрүбаева), тили: орусча
-
Улуттун кенчи даректүү тасмасы, 2022, тили: англисче (Искендер Алиев)
-
Даси-даси видео-арты, 2023 (Рахат Асангулова)
-
Сууну сылай видео-арты, 2023 (Диана Ухина)
-
Чыгармачылык менен талкуунун ситуативдик аймактары
Коомдук программанын мейкиндиги иш-чараларды өткөрүү үчүн өзгөртүлүп, эс алууга, окууга, фестиваль конокторунун өз ара баарлашуусуна ылайыкташтырылган.
ПРОГРАММА:
5-октябрь (бейшемби)
18:45 - 20:00 – DJ-storytelling Healing the Earth by Diana Ukhina
20:00 - 20:40 – DJ-set by Diana Ukhina
Дубовый парк галереясында фестивалдын ачылышы
Айлана-чөйрөнүн абалынын жана климаттын өзгөрүшү күн сайын күчтүрөөк сезилүүдө. Өзүн органикалык бөлүк катары түшүнүү аркылуу планетанын бардык элементтеринин өз ара аракеттенүүсү - бул мен дабыштан турган окуя аркылуу визуалдык (ой жүгүртүү) катышында түзгөн түшүнүктөрдүн бири. Үн ички тажрыйбанын, өзүн жана айлана-чөйрөнү аң-сезимдүү чагылдыруунун импульсуна айлана турган пульсация. Баардык тирүү барлыктар баары өзгөрөт жана ар бир өзгөрүү чекитинде биз агымга таасир этебиз. Экологиялык жактан туруктуулук жана гармонизация баштала турган алгачкы нерсе – бул өзүбүз менен болгон мамилени жакшыртуу (ички экология), ал биз курган чындык менен өз ара аракеттенүүгө куюлат, анткени ал бардыгы биздин уландыбыз.
Дабыштык кыялга чөмүлүп ой-жүгүртүү, медитация, кыймыл жана бий – бул боштондук. Анын потенциалын сезүү жана анда өзүн тыгыз термелүүнүн бир түрү катары туюу – бул экологиялык туруктуулукка, жандуу планета менен таттуу мамиледе болууга жана жашоо маңызына кирүү чекити.
7 - октябрь (ишемби)
20:00 - 22:00 – Central Asian discoteque
DJ-storytelling by Diana Ukhina “Warble with the Earth” from Documenta15 (2022)
Алтын-Казык конушундагы фестивалдын ачылышы
Үндөрдүн, толкундардын, эскерүүлөрдүн жана кыймылдын айлануусу. Дабыштык аңдоо, медитация, кыймыл жана бий – бул боштондук. Анын потенциалын сезүү жана анда өзүн тыгыз термелүүнүн бир түрү катары туюу – бул экологиялык туруктуулукка, жандуу планета менен таттуу мамиледе болууга жана жашоо маңызына кирүү чекити.
В DJ-сторителлинге звукосозерцательное послание это выражение позиции, попытка собрать себя и других из кусочков центральноазиатской звуковой памяти, расшатать культурную гегемонию отрывками и звуками родного, экзотизируемого и зачастую невидимого пространства. Нанизывание локальных бусин на нитку звукового ожерелья из глобального ритма и тона, сбор послания из множества голосов.
DJ-сторителлингде дабыштык аңдоо билдирүү - бул позицияны билдирүү, өзүн жана башкаларды Борбордук Азиянын үн эс тутумунун бөлүктөрүнөн чогултуу аракети, жердин термелүүсүнүн бул толкундарынын көрүнүшү жана жергиликтүү, экзотикалык жана көп учурда көрүнбөгөн мейкиндиктин үнү менен дүйнөлүк маданий гегемонияны солкулдатуу. Глобалдык ритм жана тондон турган дабыш шурусуна жергиликтүү мончокторду тизүү, көптөгөн үндөрдөн турган билдирүүлөрдү чогултуу.
Аталган DJ-сторителлинг биринчи жолу DAVRA жамаатынын коомдук программасынын алкагында documenta15 (2022) эл аралык көргөзмөсүндө коюлган.
9-октябрь (дүйшөмбү) – галереяда дем алыш күн
10-октябрь (шейшемби)
14:00-15.30
Дубовый парк галереясында экспозициялар жана программа боюнча куратордук экскурсия
Бермет Бөрүбаева, Оксана Капишникова, Аймээрим Турcалиева, Диана Ухина менен
Модерация: Диана Ухина / Moderated by Diana Ukhina
Экскурсияда фестивалдын кураторлору сунушталган иштер жана экспозициядагы алдыдагы окуялар, галереянын жанындагы паблик-арт долбоорлору, Алтын-Казык конушундагы фестивалдын бөлүгү жөнүндө кененирээк айтып беришет, ошондой эле көрүүчүлөрдү кызыктырган суроолорго жооп беришет.
Кирүү акысыз
15:30-16:30
“Жаркыраган тоо” жомогунун презентациясы
Тазар жана Бишкек заманбап искусство мектеби (БЗИМ)
"Жаркыраган тоо" аттуу балдар жомок китебинде адамдар табият жана бири-бири менен таттуу мамиледе жашаган жомоктогудай кичинекей өлкөдөгү мектеп окуучуларынын жоруктары жөнүндө баяндалат. Күндөрдүн биринде алар үйдүн жанынан таштанды тоосун таап алышып, таштанды дүйнөсүн изилдөөгө киришет. Китепте калдыктар жана экология көйгөйлөрү талкууланып, таштанды таштоочу жайдын жанындагы Алтын-Казык жана Калыс-Ордо конуштарынын жашоочуларынын жашоо тарыхына өзгөчө көңүл бурулат. Китепте башкы каармандар - мектеп окуучулары Алтын жана Калыс - аркылуу Бишкектеги таштандылардын чыныгы тарыхы баяндалат жана көптөгөн практикалык жана пайдалуу нерселерди, анын ичинде үй - бүлөңүздү жана досторуңузду таштандыларды бөлүштүрүп чогултууга үйрөтөт. Китептеги иллюстрациялар көргөзмөгө коюлуп, ал эми жомоктор кыргыз актрисаларынын үн коштоосундагы инсталляцияда жанданат.
Кирүү акысыз
11-октябрь (шаршемби)
13.00-17.00
“TRASH-4 Эко-фестивалы: Таштанды дарыясын бойлой ээрчи” зин презентациясы и жана “Булгануулардын тарыхына жаңыча көз караш — АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5” фестивалынын коллективдик рефлексиясы
Модерация: Диана Ухина
Катышуучулар: кураторлор Бермет Бөрүбаева, Оксана Капишникова, Аймээрим Турсалиева, Диана Ухина, фестивалдын сүрөтчүлөрү, ыктыярчылар, уюштуруучулар, коноктор.
Бул күнү биз “TRASH-4 Эко-фестивалы: Таштанды дарыясын бойлой ээрчи” зиндин материалдары жөнүндө сүйлөшүүнү жана быйылкы фестивалды бир чыны чай үстүндө карап чыгууну, аны түзүү тажрыйбасы жана процесс жөнүндө ой жүгүртүүлөр менен бөлүшүүгө, ошондой эле өткөн жылдагы зин фестивалын презентациялоону сунуштайбыз. Биздин рефлексия бардык каалоочулар үчүн ачык – сиз суроолорду берип, өз тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, талкуунун бир бөлүгү боло аласыз.
Кирүү акысыз
12-октябрь (Бейшемби)
14.00-16.00
АДЕЛЬ ИСМАИЛХАНОВА
«Коллаж үчүн материалды кантип чогултуу керек» коллаж боюнча воркшоп
Колго чогултулган коллаж мастер-классында, мен коллаждарды түзүү үчүн материалдарды кантип жана кайдан табууга болорун жана өз ишимде кандай ыкмаларды колдоноорумду айтып бермекчимин. Воркшопто таштандыга кетмек болуп, а бирок арт ишине айланган материалдардан коллаждарды чогултууга аракет кылабыз.
Катышуу катталуусуз (группада 10-12 киши)
АДЕЛЬ ИСМАИЛХАНОВА
"Аң-сезим экологиясы: апсайклинг" коомдук программасынын экспозициясы үчүн колго жасалган коллаждар сериясы
(КЫРГЫЗСТАН)
Коллаж - бул мен үчүн ойлорум, сезимдерим, таасирлерим менен бөлүшүүгө, окуялар, өз тажрыйбаларым, тигил же бул окуяларга жана кубулуштарга карата мамилемди баяндап берүүгө эң ыңгайлуу чөйрө. Чыгармаларда мен шаардын, анын жерлеринин, архитектурасынын, объектилеринин, өсүмдүктөрүнүн, жаратылышынын сүрөттөрүн көп колдоном. Мага аялдар, аялдардын тажрыйбасы жана алардын образдарын коллаждар аркылуу карап чыгуу, шаардын көрүнүшүн өзгөртүү, реалдуулукту өзгөртүү, дүйнөнүн фантастикалык, мистикалык сүрөттөрүн жаратуу жагат.
Адель Исмаилханова - коллаж сүрөтчүсү, аниматор, ди-джей, арт-активист, куратор. 2019-жылдан баштап СИНЕРГИЯ өнөрканасынын катышуучусу. 2021-жылдан бери келе жаткан Синергия аттуу квир-рейв платформасынын тең уюштуруучусу. Гендердик жана квирдик темалар менен иштейт. Кино, карапа, перформанс сыяктуу искусстводогу ар кандай чөйрөлөрдү изилдейт.
13-октябрь (жума)
14:00-16:00
ANTONíN BRINDA
One Week In Bishkek Бишкектеги бир жума
(CZECH REPUBLIC) (ЧЕХ РЕСПУБЛИКАСЫ)
Бишкектеги бир жума ичинде сүрөтчү Антонин Бринда Бишкектин беш тургунунан аны шаардын эң акылга сыйбаган жерлерине алып барууну суранат. Бул "анти-туристтик" көркөм долбоор Бишкектин эң эле жараксыз, таң калыштуу, булганып калган, чаташтыруучу же болбосо түшүнүксүз нерселерди изилдөөгө багытталган жана муну менен бирге сулуулуктун, чыдамкайлыктын жана эркин ой жүгүртүүнүн жашыруун учурларын издөөгө багытталган. Долбоордун документтери 13-октябрда скрининг жана талкуу түрүндө көрсөтүлөт.
Алдын ала каттоо боюнча жазылуу (5 адам)
Антонин Бринда (*1990) Чехия, Финляндия жана Түркияда искусство жана анын теориясы боюнча ар кандай окуу программаларын аяктаган. Эстонияда, Латвияда, Исландияда, Грецияда жана Россияда стажировкадан өткөн. Бринда перформанс искусствосу жана сайт-специфик/урбандык искусство менен иштейт. Анын темалары - глобалдык мобилдүүлүк, шаар куруу жана транспорттук инфраструктура. Анын перформанстары Asiatopia (Бангкок жана Нахон Патом, Таиланд) жана Blurborders International Performance ArteXchange (Бангкок жана Пхаттхалунг, Таиланд), Sofia Underground (София, Болгария), LAPSody (Хельсинки, Финландия), A!Performance Festival (Акүрейри, Исландия), Istanbul Performance Art (Стамбул, Түркия), же Performance Festival Malamut (Острава, Чехия) жана Festival of Naked Forms (Прага, Чехия). Сүрөтчүлүктөн тышкары, Бринда SPA-Studio Performance Art (Прага), Performance Crossings (Прага), Performensk (Минск), or Wärmflasche (Берлин) сыяктуу ар кандай (перформанс) арт иш-чаралардын жана фестивалдардын уюштуруучусу/куратору. Ал New Performance Turku Festival (Турку) жана Carbonarium Festival (Киев) конок куратору болгон. Антонин "шаар менен кантип сүйүүнү жаратууга болорун" билгиси келет. http://antoninbrinda.com/
14-октябрь (бейшемби)
09:00-14:00
ВЛАДИСЛАВ УШАКОВ, ЯРОСЛАВ ТАРТЫКОВ / VLADISLAV USHAKOV, YAROSLAV TARTYKOV
ОФ “Экологиялык мониторинг жана иликтөө” – “ЭкоМжИ”
(КЫРГЫЗСТАН)
Эко-активисттердин күнүнө карата куштарды көрүүгө чыгуу
Биз галереяда жазылган каалоочулардын тобу менен жолугабыз, экспозиция жана "аң-сезим экологиясы: апсайклинг" коомдук программасынын мейкиндиги боюнча 20 мүнөттүк экскурсия жасайбыз, андан кийин эко-активисттердин күнүнө карата канаттууларды көрүүгө барабыз.
Катышуу катталуу боюнча (группада 10-12 адам)
14.00-16.00
"ТАШТАНДЫНЫ КЕНЧКЕ АЙЛАНДЫРУУ: терсин оңуна кантип өзгөртүү керек" даректүү тасмасын көрсөтүү. (Тили: англисче)
Модерация: Бермет Бөрүбаева
Түштүк Африка менен ар тарабынан курчалган тоолуу өлкө Лесотодо Нтабисенг ТеРео Моханела аттуу сүрөтчү таштандыларды алып, аларды уникалдуу кийимдерге жана аксессуарларга айлантат. Жаштарга кайра иштетүү жана андан жаңы буюмдарды жасоо кандай пайда алып келерин айтып жатып, сүрөтчү өзүнүн долбоорун "Таштандыларды кенчке айландыруу" деп атайт.
ТеРеонун ишин баштапкы чекит катары колдонуп, кыска метраждуу тасма Лесото сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыгы канчалык деңгээлде жаңычы көз-караш менен ой жүгүртүү рухуна толгонун көрсөтөт. Алар чыгармачылык энергиясын социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшашат. Кинорежиссерлор балдардын никесин жоюуну эртелетүү канчалык маанилүү экендигин көрсөтүшөт. Музыканттар климаттын өзгөрүшү жөнүндө ыр жазышат. Дыйкандар жоголуп бара жаткан дарак түрлөрүн коргоо үчүн алардын уруктарын чогултушат. Мода дизайнерлери салттуу Басото маданиятын сактап калуу жана Африка жөнүндө стереотиптик идеяларды жок кылуу үчүн моданы колдонушат. "Таштандыны кенчке айландыруу: терсин оңуна кантип өзгөртүү керек" тасмасы ар түрдүү тармактагы чыгармачыл инноваторлорду тартуулайт жана жагымдуу өзгөрүүлөрдү тездетүү үчүн нерселерди кайра ойлоп табууга жана кайра колдонууга жөндөмдүүлөрдөн үйрөнүүгө чакырат.
Режиссер/продюсер: Иара Ли, режиссер-активист (Корея-Бразилия), дүйнө саякатчысы жана сүйүүчү спортчу, монтаж/оператор – Димо Петков
Сүрөтчү: Нтабисенг ТеРео Моханела (Лесото)
Сыйлыктар:
Нигерия / Абуджа, “Африка киносу таасир этүүчү курал катары» фестивалында эң мыкты тасма сыйлыгы”, 2020
США / Нью-Йорк, эң мыкты кыска метраждуу тасма, Indie Shorts Awards көз карандысыз кыска метраждуу тасмалар фестивалы, Нью-Йорк, 2020
Португалия / Визеу, биринчи сыйлык - социалдык жоопкерчилик, мыкты кыска метраждуу даректүү тасма жана мыкты даректүү тасма, Эл аралык ARTжTUR туризм фестивалы, 2020 жана башкалар…
Трейлер: https://www.youtube.com/watch?v=kUR8_zeyBdg
Баардык каалоочулар үчүн кирүү акысыз
15-октябрь (жекшемби)
12.00-17.00
АЛИМА ТОКМЕРГЕНОВА / ALIMA TOKMERGENOVA
(КЫРГЫЗСТАН)
Крафтизм күнү
Күнү бою биз чыгармачылык менен алектенебиз, жайлайбыз, баарлашабыз, тажрыйба менен бөлүшөбүз. Эгерде сиз эч качан колуңузга ийне менен жип алып көрбөгөн болсоңуз, эгерде сиз абдан тажрыйбалуу кол өнөрчү болсоңуз жана тажрыйба менен бөлүшкүңүз келсе, эгерде сиз сүйүктүү кийимиңизди жаңыртып, ага өз колуңуз менен жаңы маани кошкуңуз келсе, анда келиңиз.
Программа: крафтивизм тарыхы, сайма саюу, кийимдеги кездемеден коллаж, курак, боро, сашико тигүү ыкмалары. Кездеме бөлүктөрүн, эски кийимдерди алып келиңиз, биз апсайклинг кылабыз (жаңылайбыз)! Ал эми чыгармачылыктын ортосунда чай ичип, медитация кылабыз.
Катышуу катталуусуз, күн ичинде каалаган уакта
16-октябрь (дүйшөмбү) – галереяда дем алыш күн
18-октябрь (шаршемби)
15.00-16.00
Куурчак спектакли "Жаркыраган тоо”
Art jashoo мультимедиалык театры
Art jashoo мультимедиалык театры "Жаркыраган тоо" жомогунун негизинде куурчак спектаклин даярдап, фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө тартуулайт. Театрга Алтын Казык жана Калыс Ордо конушундагы балдар катышат.
Көркөм жетекчиси, койгон режиссёру - Умсунай Мусаева
Режиссёр - Адэля Алымкулова
Аткаруучу менеджер - Акгүл Өмүракунова
Сүрөтчү жана коюучу - Жанышбек Ботой
Сценография сүрөтчүсү - Айдай Мусабекова
Костюм боюнча сүрөтчү жана сценограф - Ынтымак Абдылдаев, Миррахим Опош
Идея жана чыгарылышы - Аймээрим Турсалиева и Бермет Борубаева
19-октябрь (бейшемби)
15.00-17.00
АЛИМА ТОКМЕРГЕНОВА / ALIMA TOKMERGENOVA
(КЫРГЫЗСТАН)
Ачык асман астында скульптура музейине экскурсия (Дубовый парк)
Биз Дубовый паркында сейилдеп, ачык асман астында скульптура музейинин тарыхы жана жеке объектилер, экспонаттар менен таанышабыз. Андан кийин, парктагы көк чөптүн үстүнө же галерея мейкиндигинде ыңгайлуу жайланышып, чай үстүндө медитация кылсак болот, TRASH-5 фестивалы көтөргөн темаларды талкуулай алабыз.
Жазылуу катталуу боюнча (группада 10-12 киши)
Алима Токмергенова, изилдөөчү, СИНЕРГИЯ чыгармачылык өнөрканасынын катышуучусу жана Бишкек заманбап искусство мектебинин (БЗИМ) тең негиздөөчүсү. Кызыккан чөйрөсү: Кыргызстандын искусство тарыхы, Бишкектин тарыхы. Практикалары: керамика, линогравюра, крафтивизм, курак, текст, чай таасири.
СЫЙНАТ ЖОЛДОШЕВА / SYINAT JOLDOSHEVA
Үй-бүлөлүк текстиль
"Аң-сезим экологиясы: апсайклинг" коомдук программасынын экспозициясы үчүн текстиль.
(КЫРГЫЗСТАН).
Сыйнат Жолдошева — сүрөтчү, графикалык дизайнер, пиар-адиси жана Бишкек заманбап искусство мектебинин (БЗИМ) тең негиздөөчүсү.
БЕЛГИСИЗ УЗДАРДЫН ИШТЕРИ
"Аң-сезим экологиясы: апсайклинг" коомдук программасынын экспозициясы үчүн декоративдик-колдонмо текстили
(КЫРГЫЗСТАН)
Бермет Бөрүбаева, Аймээрим Турсалиева, Чынаркүл Жусупкелдиева
"Аң-сезим экологиясы: апсайклинг" коомдук программасынын экспозициясы үчүн текстиль калдыктарынан жасалган колдонмо чыгармачыл объекттер
(КЫРГЫЗСТАН)
ТАЛГАТ БЕРИКОВ
Жыгачтан жасалган объекттер
(КЫРГЫЗСТАН)
Зарина Назарбек кызы
Өрүм
Инсталляция, объекттер, «Өрүү» техникасы
(КЫРГЫЗСТАН)
Бул иш адамдардын экологияга көңүл буруусуна арналган — тигүүчүлүк өндүрүштүн калдыктарын кайра иштетүү, башкача айтканда таштандыдан кооз, практикалык нерселерди жасоо жолдору тууралуу болот.Биздин өлкөдө тигүүчүлүк өндүрүштүн калдыктары аябагандай терс таасирге ээ. Андыктан мен аларга башка өңүттөн карап, түзүк нерселерди жасоону чечтим. Өрүм өрүү дароо эске келген жок. Мен алгач куракты, анан аппликация, аралаш ыкмаларды жасап көрдүм. Бир канча убакыттан кийин гана өрүм өрүүгө аракет кылып көрдүм. Техника универсалдуу, тажрыйбага, көндүмгө, окуусуна ээ болуунун кажети жок. Өрүүнүн дагы бир оң жагы - бул медитация. Өрүп жатканда ой жүгүртүп, нервди тынчтандырып, оң нерселер жөнүндө ойлонсоңуз болот. Узун саамай лентасын даярдоо алдын ала иштерди талап кылат, а бул көп убакытты алат, анткени ар түрдүү кездеме калдыктарын иштетүү керек: кесүү, туурасынан бирдей өлчөмгө келтирүү жана бириктирүү. Бул инсталляцияны жасоого 4 ай убакыт кетти.