top of page
IMG_0205.jpg

Диана Ухина

(Кыргызстан)

ЖЕР МЕНЕН КУБУЛЖУГАН ОБОНДОР

DJ-сторителлинг / Борбор азиялык дискотека, Алтын-Казык

“Жер менен кубулжуган обондор” DJ-сторителлинги - бул көптөгөн үндөрдөн турган окуяны угуу менен кыялга чөмүлүп ой-жүгүртүүнүн билдирүүсү, өзүн жана башкаларды Борбордук Азиянын үн эс тутумунун бөлүктөрүнөн чогултуу аракети, жердин термелүүсүнүн бул толкундарынын көрүнүшү жана жергиликтүү, экзотикалык жана көп учурда көрүнбөгөн мейкиндиктин үнү менен дүйнөлүк маданий гегемониянын солкулдашы. Убакыт, жерлерди жана адамдарды үндө кайра чогултуу, глобалдык ритмдин жана тондун жибине жергиликтүү мончокторду тизүү, маданий жана саясий чек араларды басып өтүү менен биримдик орной турган борбор азиялык дискотекада жолугушуу. Аталган DJ-сторителлинг биринчи жолу DAVRA жамаатынын коомдук программасынын алкагында documenta15 (2022) эл аралык көргөзмөсүндө коюлган.


Диана Ухина - маданият изилдөөчүсү, көркөм долбоорлордун куратору жана көп тармактуу сүрөтчү, Бишкек заманбап искусство мектебинин (БЗИМ) негиздөөчүсү жана Синергия чыгармачылык өнөрканасынын жетекчиси (2015-2022). Процесс жана тажрыйба катары искусство, ички экология, маданий жана үн эс тутуму, визуалдык маданият, Кыргызстандын искусство тарыхы, жаңы музеология, гендер, шаар жана айлана чөйрө, көркөм изилдөө методологиясы сыяктуу темалар менен иштейт.

ART PROSPECT

subscribe to our news

3.jpg

 

© 2023 Art Prospect

bottom of page