
Дмитрий Петровский (DOXA арт-группасы)
(Кыргызстан)
Балыктар тобу
Таштандыдан жасалган инсталляция, Алтын-Казык
Бала чагыбызда досторубуз менен Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого барчубуз, бул жерде талаалар менен бак-дарактар көп болуп, үйлөр, жолдор, таштандылар жок болчу. Сууда балыктар жана суу канаттуулары көп болгон.
Азыр сууда балык деген дээрлик жок, эгер бар бологн учурда да, аны канчалык керектөөгө болот? Суу сактагычтын жээгинде жана айланасында таштандылар менен желим бөтөлкөлөр көп жатат. Эзелки жаратылыштан эскерүүлөр гана калды.
Инсталляция перспективада суу сактагычтын үстүндө сүзүп жүргөн балыктар тобун чагылдырат. Балыктар бул аймакта чогултулган желим бөтөлкөлөрдөн жасалып, суу сактагычтагы балыктардын азайышынын жана таштандылардын көбөйүшүнүн символу болуп саналат
Дмитрий Петровский — DOXA арт тобунун катышуучусу. Көчө искусствосу, дубал сүрөтү жана мурализм менен алектенет. Жакында көлөмдүү иш менен алектенип, арт объекттерди жана инсталляцияларды жасап жатат.