Эллен Харви (АКШ)
Таштанды телепортациясы
Искусство жана таштанды. Экөө тең адам баласынын иш-аракетинин натыйжасы. Экөөнү тең мүнөздөөчү өзгөчөлүгү катары пайдалуу деп айтууга тил бурулбайт сыягы. Бирок, искусствону сүйүшөт, аны менен суктанышат, ал эми таштанды айыптоонун объектиси катары кабылданат. Биринчисине болгон жакындыгына статус дешет, ал эми экинчисине болгон жакындыгы, адатта, карама-каршы маанисин туюндурат.
"Таштандыны телепортациялоо" долбоору символикалуу түрдө таптакыр эки башка мейкиндикти байланыштырат: Алтын-Казык - Бишкектин көйгөйлүү таштанды таштоочу жайына жакын жайгашкан конуш, ал эми Дубовый паркы - Бишкектин борборундагы айкелдери бар кооз парк. Долбоор символикалык түрдө таштандыны Дубовый паркына, ал эми Дубовый паркынын айкелдерин Алтын - Казыкка "телепорт" кылынат. Интернеттеги сүрөттөргө карап Харви Дубовый паркынын бир нече айкелдеринин "портретин" каралган ботаникалык чөйрөдө тарткан. Андан соң бул полотнолор сүйрү формадагы түстүү белгилерге айландырылып,кийинчерээк шаардын борборунун көркөм жана жаратылыш ресурстары менен байытуу максатында Алтын-Казыкка орнотулган. Харви ошол эле айкелдерди Дубовый паркы үчүн гризайль техникасы менен тарткан, бирок бул жолкусунда – Бишкектин жана сүрөтчүнүн кичи мекени Нью-Йорктун таштандылары менен курчалып, конокторго биздин заманбап жашоо образынын экологиялык кесепеттерин эскертет. Долбоор ошондой эле социалдык тармактар үчүн көрүүчүнү бир жерден экинчи жерге жана кайра артка алып келүүчү кыска видеолордун сериясын камтыйт. Музыкалык коштоо катары АКШ, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын музыканттарынын Ташкенттеги "Илхом" театрында 2016 – жылдын 11-октябрында Playing Together ("Бирге ойноо") долбоорунун алкагында жандуу аткаруусунун фрагменттери колдонулган, ал эми бул аталган иш-чара АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросунун колдоосунун негизинде жана Omnibus өзбек ансамбли менен C.E.C. Artslink тарабынан уюштурулган эки жылдык алмашуунун туу чокусу болгон.
Эллен Харви – британ тектүү сүрөтчү-концептуалист, анын иштери партизандык көчө интервенцияларынан тартып, иммерсивдүү институттук инсталляциялар менен масштабдуу паблик арт чыгармаларына чейин камтыйт. Живопись анын иштеринин негизи болуп саналат, бирок сүрөтчү бизди курчап турган дүйнө менен болгон мамилебизди изилдөө үчүн медиа жана партисипативдик стратегиялардын кеңири спектрин колдонот.
Харви АКШда жана чет өлкөлөрдө, анын ичинде 2008-жылы Уитни музейинин Биенналесинин алкагында көп көргөзмөлөрдү өткөрдү. Жеке музей көргөзмөлөрү Барнс фондунда (Филадельфия), Грёнинге музейинде (Бельгия), Коркоран искусство галереясында (Вашингтон), Басс искусство музейинде (Майами Бич), заманбап искусство борборунда (Польша), Пенсильвания академиясында (Филадельфия) жана Альтриядагы Уитни музейинде (Нью-Йорк) болуп өттү. Учурдагы Харвинин "көңүлү чөккөн турист" аттуу долбоору, анын алкагында сүрөтчү коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан сунушталган унутта калган жерлерди тартып келет, көчмө ретроспективанын борбордук элементине айланып, акыркы үч жылдан бери Батлер галереясында (Ирландия), Лазни заманбап искусство борборунда (Польша), Зальцбург заманбап искусство музейинде (Австрия) жана Turner Contemporary галереясында (Улуу Британия) көргөзмөгө коюлуп келет. Эллен Харви Уитни көз карандысыз окуу программасынын, Йель юридикалык мектебинин жана Гарвард колледжинин бүтүрүүчүсү жана Германиядагы Берлин жогорку искусство мектебинде окуган. Харви көптөгөн сыйлыктардын лауреаты, анын ичинде сүрөтчү-изилдөөчүлөр үчүн Смитсония стипендиясынын, Вивина Деместер паблик арт жанрындагы чыгармалар үчүн сыйлыгынын жана Джон Саймон Гуггенхайм фондунун стипендиясынын ээси. Анын эмгектери көптөгөн музей коллекцияларында, анын ичинде Уитни америкалык искусство музейинде көрсөтүлгөн. Ал жакында эле башталган "Нью-Йоркту көрктөндүрүү долбоорунун" автору, ал эми анын эмгектери төрт монографиянын предметине айланган. Филадельфиядагы Locks жана Брюсселдеги Meessen De Clercq галереялары анын өкүлү болуп эсептелинет.