Our
Projects
Долбоорлордун тизмеги:
БЕРМЕТ БӨРҮБАЕВА, ОКСАНА КАПИШНИКОВА, АЙМЭЭРИМ ТУРСАЛИЕВА No textile waste (“ТЕКСТИЛЬ КАЛДЫКТАРЫНА ЖОЛ ЖОК”)
Эрмек Жениш @BUCKS_COFFE_STORIES Желим стакандар жакшы жакка өзгөрүүлөрдү күтүшөт – ыргытып таштабоо адаты
АЛТЫН КАПАЛОВА ЖАНА ЧОЛПОН АЛАМАНОВА ЖАРКЫРАГАН ТОО
сТо Лен Сан ТВ
сТо Лен Санагартуу жана гигиена темасындагы архивдик плакаттардын ремикс сериясы
Мишико Сулакаури Кара белги
ГЛЮКЛЯ НАТАЛЬЯ ПЕРШИНА-ЯКИМАНСКАЯТИГҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН САНАТОРИЙ
Антон Польский (Мейк) Бишкектин булганышы
Сауле Сулейманова Триптих One Steppe Forward
ГАМАЛ СОРОНКУЛОВ, СҮЙДҮМБЕК КАЛМУРЗАЕВ, ВЛАДИСЛАВ УШАКОВ & ИСКЕНДЕР АЛИЕВ КРИСТАЛЛДЫК ОКУЯ
ДИАНА УХИНА АҢ-СЕЗИМ ЭКОЛОГИЯСЫ: АПСАЙКЛИНГ Коомдук программасы, 10-19- октябрь күндөрү, 2023
Көргөзмө, «Дубовый парк» галереясы, Пушкин көч., 78а
Көргөзмө — Бишкекте өтө турган "Булгануулардын тарыхына жаңыча көз караш — АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5" фестивалынын бир бөлүгү. Анда сүрөтчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлүп, алар өз аймагындагы булгануу окуялары менен бөлүшүшөт.

БЕРМЕТ БӨРҮБАЕВА, ОКСАНА КАПИШНИКОВА, АЙМЭЭРИМ ТУРСАЛИЕВА
(Кыргызстан)
No textile waste (“ТЕКСТИЛЬ КАЛДЫКТАРЫНА ЖОЛ ЖОК”)
Текстиль калдыктарына арналган инсталляция, изилдөө презентациясы
Бишкектеги текстиль калдыктарына арналган изилдөө; кураторлор: Бермет Бөрүбаева, Оксана Капишникова, Аймээрим Турсалиева
Кайра иштетүүнүн альтернативдүү ыкмаларын көрсөтүү үчүн кураторлор Алтын-Казыктагы тигүүчүлөр менен бирдикте текстиль калдыктарынан оюнчуктарды жана дизайн-объекттерди иштеп чыгарышат, андан ары өндүрүштү уюштуруу үчүн аялдар кооперативин түзүшөт. Куурчактардын дизайны Алтын, Калыс жана башка жомоктордогу каармандарга негизделет. Ар бир оюнчук китеп тууралуу кыска окуялары менен этикетка түрүндө басылып чыккан мини китеп менен толукталат.
Изилдөө "Дордой-плаза" супермаркетинде белгилүү кыргыз дизайнерлеринин катышуусунда апсайклинг боюнча мастер-класстар менен катарлаш көрсөтүлөт.
Изилдөөчүлөр: Бермет Бөрүбаева, Оксана Капишникова, Аймээрим Турсалиева Салтанат Saltanat колдоосунда
Координатор: Ирина Агафонова
Изилдөө Бишкектеги Француз Альянсынын жана Казакстандагы Гёте институтунун филиалынын колдоосу менен "Кудук маданий борбору" коомдук фондунун "Эко-Эхо" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.

Эрмек Жениш @BUCKS_COFFE_STORIES (Кыргызстан)
Желим стакандар жакшы жакка өзгөрүүлөрдү күтүшөт – ыргытып таштабоо адаты
Өзгөрүүнү самаган желим стакандар
Өйдөлөй карап учсак дейт
Бейиш тарапка
Стакандардын бейиши эч булганбаган
Жарык нуру төгүлгөн ар туш тарапка
Келип сенин ордуңа таштандыларды
Жыйнап кетет дегенден
Алыс ааламда
Өз артынан өздөрү
Тазалагандар
Стаканчиктер ар дайым
Учат асманга
Эрмек Жеңиш бир нече жылдан бери @BUCKS_COFFEE_STORIES өз инстаграм баракчасында кофе стаканынын (пластикпи?) жашоосу тууралуу скетч-күндөлүк алып барат, анда кофе стаканы табиятты абдан жакшы көрөт, бирок күтүлбөгөн жерден анын булганышына себепкер болгондордун бири экенин байкайт. Желим идиштер 100 жыл мурун коомдук тамак-аш мекемелериндеги кир идиштерден келип чыккан жугуштуу ооруларга каршы дабаа катары пайда болгон. Бирок өткөн кылымдын аягында бир жолу колдонулуучу желим идиштер айлана-чөйрөнүн катастрофалык бузулушунун себептеринин бири катары карала баштаган. Бул долбоор бир жолу колдонулуучу буюмдар сыяктуу калдыктар маселесин изилдөөгө багытталган жана жөнөкөй чечимдерди сунуштайт – мисалы, көп жолу колдонула турган кофе стакандары.
Эрмек Жеңиш – Бишкектеги көз карандысыз сүрөтчү жана фотограф, аймактык жана эл аралык көркөм долбоорлорго, анын ичинде "Метробиш" долбооруна катышкан; "Күздүн чагылышы" аттуу инсталляциянын жана видеонун автору, "Trash 3: искусство + экология" фестивалынын жана 53-Венеция биенналесинин (Орто Азия павильону) катышуучусу.
Ачылышына өз чөйчөктөрү менен келгендердин баарына кофе сунушталат, ал эми өзү менен кошо ала келбегендер бир жолку колдонулуучу стакандын реалдуу баасын төлөшү керек болот. Биздин демилгелерибизди жана иш-аракеттерибизди колдогону үчүн тең негиздөөчүгө жана жергиликтүү командага ыраазычылык билдиребиз.

АЛТЫН КАПАЛОВА ЖАНА ЧОЛПОН АЛАМАНОВА (Кыргызстан)
ЖАРКЫРАГАН ТОО
Жомоктор китеби, иллюстрациялар
"Жаркыраган тоо" аттуу балдар китебинде адамдар табият жана бири-бири менен таттуу мамиледе жашаган жомоктогудай кичинекей өлкөдөгү мектеп окуучуларынын жоруктары жөнүндө баяндалат. Күндөрдүн биринде алар үйдүн жанынан таштанды тоосун таап алышып, таштанды дүйнөсүн изилдөөгө киришет. Повестте калдыктар жана экология көйгөйлөрү талкууланып, таштанды таштоочу жайдын жанындагы Алтын-Казык жана Калыс-Ордо конуштарынын жашоочуларынын жашоо тарыхына өзгөчө көңүл бурулат. Китепте башкы каармандар - мектеп окуучулары Алтын жана Калыс - аркылуу Бишкектеги таштандылардын чыныгы тарыхы баяндалат жана көптөгөн практикалык жана пайдалуу нерселерди, анын ичинде үй - бүлөңүздү жана досторуңузду таштандыларды бөлүштүрүп чогултууга үйрөтөт. Китептеги иллюстрациялар көргөзмөгө коюлуп, ал эми жомоктор кыргыз актрисаларынын үн коштоосундагы инсталляцияда жанданат.
Тексттин автору: Алтын Капалова
Иллюстрациялар: Чолпон Аламанова
Үн:
Дизайн жана макет: Диана Ухина
Идея жана чыгаруу Аймээрим Турсалиева менен Бермет Бөрүбаевага таандык

сТо Лен (АКШ)
Санагартуу жана гигиена темасындагы архивдик плакаттардын ремикс сериясы
Жибек экран, мрамор кагаз, 2022-23
2021-2023-жж. аралыгында дисциплиналар аралык сүрөтчү сТо Лен Нью-Йорктун санитардык көзөмөл департаментинин резиденциясында туруп, паблик арт жанрындагы чыгармаларды жараткан. Резиденцияда турганда, Лен санитардык кызматтардын көзгө көрүнбөгөн эмгеги жана Нью-йорктуктардын жашоосундагы маанилүү ролу жөнүндө баяндоого арналган Office of In Visibility арт долбоорунун үстүндө иштей баштаган. Ал долбоорду департаменттин архивдик материалдарын – кино жана видеоматериалдардан тартып гравюра жана фотографияга чейин изилдөө жана кайрадан контекстуализациялоо үчүн аянтча катары колдонгон. Лен 1960-жылдардагы кол менен басылган көчө белгилери жана плакаттары сакталган Нью-Йорктун Квинс шаарындагы санитардык көзөмөл департаментинин эски жибек трафарет менен басып чыгаруучу устакананы жандандырды. Эски жабдуулар менен эскиздерди колдонуп, Лен бул серияны түзүү үчүн өзүнүн марморлоо техникасын колдонуп, эски санитардык кызматтын ураандарын жана символдорун кайра иштеткен монотиптердин сериясын жараткан. Түпнускалардын бул тайманбас, башаламан жана психоделикалык кайра иштетүүлөрү актуалдуулугун сактап, гигиена жана санитария, булгануу, климаттын өзгөрүшү менен байланышкан актуалдуу маселелер жөнүндө кайрылууну камтыйт.

сТо Лен (АКШ)
Сан ТВ
Архивдик видеолордун коллажы, 2023
Ошол эле санитардык көзөмөл департаментине караштуу устанакадан сТо Лен видео аппараттар менен жабдылган кароосуз калган телестудия жана жүздөгөн жоголуп кеткен видеотасмалар менен кино бобиналарды таап алган. Ал жазууларды сактап калуу үчүн санариптештирүү бөлүмүн уюштурган; эски видео жабдуулардын жардамы менен сТо Лен 500 сааттык жазууларды жандандырып, кыска метраждуу тасмаларга кайрадан монтаждап чыккан. Бул видеолор алгач департаменттин өзүндө он миң кызматкери үчүн буга чейин эч ким көрбөгөн өз тарыхын көрсөтүү максатында сыналгыдан чагылдырылган. Жүз жылдан ашуун убакытты камтыган бул видео коллаж дүйнөдөгү эң ири санитардык көзөмөл департаментинин ишин чагылдырат.

Мишико Сулакаури (Грузия)
Кара белги*
Басылмалар, видео
Коомдук транспорт - Бишкектеги аба булганышынын негизги булактарынын бири. Шаар бийлиги күйүүчү майдын сапаты жана эскирген транспортту алмаштыруу боюнча ченемдик укуктук актыны кабыл алуудан качууда. Учурда маселе чечилбеген бойдон турат, ал эми абанын сапаты - бул дүйнөдөгү эң оор көйгөйлөрдүн бири. Чыгарманын биринчи бөлүгүндө сүрөтчү транспортко өз эмоциясын көрсөтүүгө жардам берип, Бишкектин асманы менен атмосферасын чагылдырган монохромдуу образдарга которот. Чыгарманын экинчи бөлүгүндө сүрөтчү чогултулган булганычтарды конвертке тыкан салып, кара белгини Бишкектин мэрине жөнөтөт.
*Кара так Роберт Льюис Стивенсондун "Казына аралында" аттуу чыгармасында кездешет. Романда деңиз каракчылары күнөөлүү деп эсептелген адамга эскертүү катарында кара белгини (кара так менен боелгон кагаз) жөнөтүшөт.
Мишико Сулакаури-Тбилисиде (Грузия) жашап эмгектенген дисциплиналар аралык сүрөтчү. Ал өз эмгектеринде айрым тарых жана чек аралардын чектеринен ашкан курч маселелерди талдап, күчтөрдүн жайгашуусун, социалдык жана экологиялык кырдаалдарды изилдейт. Сулакауринин чыгармачылыгы авто-этнографияга негизделген жана ал тарабынан кыймылга келтирилген керектөө, өндүрүш жана адамдардын өз ара аракеттенүү тутумдарына шек туудурат. Сүрөтчү грузин типографиялык салты менен маданияты убакыттын өтүшү менен бири-бирине кандайча катмарланып жатканын изилдеп, шаардын так ортосунда искусство жаратып келген “ცრუ/false” ("жалган”) (2017) арт-тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

ГЛЮКЛЯ НАТАЛЬЯ ПЕРШИНА-ЯКИМАНСКАЯ (ОРУСИЯ/ НИДЕРЛАНД)
ТИГҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН САНАТОРИЙ
Бул идеяны ишке ашыруу үчүн Глюкля кыргызстандык кураторлор жана сүрөтчүлөр менен бирге Бишкектин чет жагына пикникке чыгып, катышуучулардан эгерде алардын чексиз бош убактысы болгондо, эмне менен алектенүүнү каалашарын сурады. Алар чогуу сыйкырдуу айланага тегерете чогулушту да, анын сыртында жетүүгө мүмкүн болбогон нерсени алышты. Андан кийин, көркөм ыкмаларды, фантазияны колдонуу жана Алтын-Казыктын тигүүчүлөрүнүн жардамы менен Глюкля калдыктардан бир нече буюмдарды жасап, бул сыйкырдуу жолугушууну видеосюжетте чагылдырган.
Глюкла (Наталья Першина-Якимандык) постсоветтик феминисттик перформанстын пионерлеринин бири болуп эсептелет. Анын чыгармачылыгы коомдогу травмалык бөлүнүүлөр жана алардын адамдардын жашоосуна кандай таасир тийгизери жөнүндө айтып берүүнүн жолдорун табуу. Саясий режимдер менен адамдардын ички дүйнөсүнүн ортосундагы кагылыштарды сүрөттөрдө, ар кандай топтор, анын ичинде мигранттар менен биргелешип аткарылган перформанстарда, ал "утопиялык кийим" деп атаган сыяктуу инсталляцияларда каралат.
2015-жылы анын "2011-2015-жж. шайлоодо Владимир Путиндин бурмалоолоруна каршы демонстрация үчүн кийим" инсталляциясы биринчи жолу Венеция биенналесинде көрсөтүлгөн. Инсталляция бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзүн кыдырып келет (акыркы жолу "Глюксман, мода көргөзмөсү, Glucksman, Fashion Show 2022» алкагында коюлган, жакынкы көргөзмө – «Упорные бунтари», 2023, Хелмонд/ Нидерланд)
Мурда Глюкля сүрөтчү Цапля (1992-2012) менен биргеликте түзүлгөн "табылган кийимдер фабрикасы" менен иштеген. 2022-жылдан баштап "эмне кылуу керек?" аттуу жакында Германияга, АКШга жана Улуу Британияга көчүп кеткен сүрөтчүлөр, жазуучулар, философтор жана активисттердин коллективинин координатору жана катышуучусу.

Антон Польский (Мейк) (Германия)
Бишкектин булганышы
үстөл оюну
Мейктин учурдагы искусство жана изилдөө практикасы үстөл оюндары менен байланышкан. Бишкекте ал аймактагы айлана-чөйрөнүн булганышына көркөм изилдөө жүргүзүү үчүн үстөл оюндарынын дизайнын колдонот, ошондой эле оюндун механикасы жана таштанды темасы боюнча ой-пикирлерди чогултуу үчүн коомдук жайларда оюндун прототипинин ойноо тесттерин уюштурат. Оюндун акыркы версиясы партисипативдик инсталляция катары көрсөтүлүп, андан кийин билим берүү куралы катары колдонулмакчы.
Антон Польский / MAKE, — көчө сүрөтчүсү, изилдөөчү, урбанист жана оюн дизайнери. 1990-жылдардын аягынан бери шаардык чөйрөдө искусство менен алектенип, стрит-арт (көчө искусствосу), шаардык активизм жана өзүн-өзү жасаган урбанизм жөнүндө басылмалардын автору. Акыркы жылдары көркөм изилдөө, билим берүү жана оюн дизайнынын кесилишинде иштеп, илимий билим берүүчү стол оюндарын жаратууда. "Арт Проспект" фестивалынын бир нече жолку катышуучусу, 2014-жылы Бишкекте өткөн Партизанинг көргөзмө-фестивалынын тең негиздөөчүсү. Учурда үй-бүлөсү менен Берлинде жашайт, ал жерде Чыгыш Европадагы перифериялык көчө искусствосу боюнча диссертациясынын үстүндө иштеп жатат

Сауле Сулейманова (Казахстан)
Триптих One Steppe Forward, 2019
Полиэтиленден желим баштыктар
Бул иш сүрөтчүнүн 2019 – жылдын жаз айындагы казакстандык жарандык коомдо тынч наразылык акциялары Qazaq Koktemi’не катышуу тажрыйбасына негизделген. Анда миңдеген казакстандыктар президенттик шайлоону бурмалоого, өлкө борборунун атын мыйзамсыз өзгөртүүгө жана башка тынчсыздандырган саясий окуяларга каршы чыгышкан. Чыгарма казакстандык наразылыктын динамикасын чагылдырат: анын жүзү, денеси жана өңү. Триптих формасынын колдонулушу кокусунан эмес. Бир жагынан, жымжырт талаанын ортосунда кысылган жана башаламан элди көрсөтүү менен, Сауле адамдар камалган мейкиндиктин бытырандылыгын жана чектелгендигин көрсөтүүгө умтулат. Экинчи жагынан, сүрөтчү талаада - казак менталитетинин ажырагыс бөлүгү - наразылык жарандык активдүүлүк катары жаңы экзистенциалдык өзгөчөлүктөргө ээ боло аларын көрсөткүсү келет.
Сауленин акыркы жылдары жараткан көптөгөн чыгармалары сыяктуу эле, триптих да желим баштыктардан жасалган. 2014-жылдан бери желим акырындык менен сүрөтчүнүн жашоо жана көркөм тажрыйбасынын квинтэссенциясына айланды. Сауленин жараткан иштеринин өзөгүн түзгөн желим ага түрдүү өлкөлөрдөн түрдүү тек-жайы жана түрдүү тарыхы бар адамдардан келет. Пластикти колдонуу аркылуу сүрөтчү материалдык артефакттарды гана эмес, жашоо цикли тууралуу түзүлгөн ар кандай социалдык жана маданий түшүнүктөрдү да кайра иштетет. Бул иш негизги жарандык укуктарга же алардын жоктугуна арналган. Сауле Казакстандагы жарандык кыймылды дүйнөнүн көп жерлеринде, атап айтканда Кыргызстанда, Гонконгдо, Россияда, Түркияда, Францияда жана башка жерлерде болуп жаткан окуялар менен байланыштырат. Сауле өзүнүн эмгеги аркылуу дүйнө жүзүндөгү демонстранттарга терең таандык болуу сезимин билдирет жана акырында бул чыгарма кан менен маданияттын аралашуусун, саясий жана экологиялык активдүүлүктүн көркөм практика менен ажырагыс байланышын камтыган чыгарма катары каралышы керек.

ГАМАЛ СОРОНКУЛОВ, СҮЙДҮМБЕК КАЛМУРЗАЕВ, ВЛАДИСЛАВ УШАКОВ & ИСКЕНДЕР АЛИЕВ (КЫРГЫЗСТАН)
КРИСТАЛЛДЫК ОКУЯ
Фото-серия & видеo
Фотосерия жана даректүү тасма Таш-Көмүрдөгү Кремний заводунун базасында кайра иштетилбеген ондогон тонна кооптуу калдыктар тууралуу баяндайт, алар секунда сайын бүткүл аймак үчүн экологиялык катастрофанын жогорку коркунучун алып келет.
1995-жылдын 25-августунда базасында "Кристалл" МАК түзүлгөн мурдагы советтик жогорку технологиялуу Таш-Көмүр жарым өткөргүч материалдар заводу жарым өткөргүч продукция чыгарып турган.
Азыркы учурда завод жеке менчик болуп саналат жана ал жерде мурда өндүрүштө колдонулган учуучу уулуу заттар топтолгон, алар дат баскан цистерналарды жейт, уулуу заттар агып чыккандыктан арматура жана бетон морт болуп калат жана кайсы учурда болбосун Таш-көмүргө жана Нарын дарыясынын нугу боюнча түштүк-чыгышка карай аймакка таасир этүүчү техногендик катастрофага алып келиши мүмкүн.
TRACK долбоорунун алкагында «Internews в Кыргызстане» каржылык колдоосунун негизинде бул долбоор «ЭкоМиР» («Экологиялык мониторинг жана иликтөөлөр») коомдук фондусунун командасы: Гамал Соронкулов, Владислав Ушаков, Бермет Бөрүбаева, Ярослав Тартыков тарабынан ишке ашырылган.
Идея: Сүйдүмбек Калмурзаев, Гамал Соронкулов
Фото: Ушаков Владислав
Видео: Искендер Алиев
Архивное исследование: Бермет Бөрүбаева
Фактчекинг: Ярослав Тартыков
Котормо: Назгүл Абдыразакова

ДИАНА УХИНА (КЫРГЫЗСТАН)
АҢ-СЕЗИМ ЭКОЛОГИЯСЫ: АПСАЙКЛИНГ
Коомдук программасы
10-19- октябрь күндөрү, 2023
Баардык тирүү барлыктар баары өзгөрөт жана ар бир өзгөрүү чекитинде биз агымга таасир этебиз. Экологиялык жактан туруктуулук жана гармонизация баштала турган алгачкы нерсе – бул өзүбүз менен болгон мамилени жакшыртуу (ички экология), ал биз курган чындык менен өз ара аракеттенүүгө өтөт, анткени ал бардыгы биздин уландыбыз.
"Булгануулардын тарыхына жаңыча көз караш — АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5" фестивалынын алкагындагы "Аң-сезим экологиясы: апсайклинг" коомдук программасынын мейкиндиги жаратуунун, чыгармачылыктын жана керектөөнүн мүмкүн болгон ыкмаларына көңүл бурат. Объекттерди өндүрүүнүн жаңы циклине киришпестен, бар нерседен жаратууга мүмкүн болсочу? Кантип өзүн-өзү кайрадан курууга жана маанилерди, чыгармачылык менен байланыш жерлерин бар турган нерсени кайрадан чогултуу аркылуу түзүүгө болот?
Ошентип, коомдук программанын мейкиндиги бар болгон нерселерден түзүлөт - Бишкектеги заманбап искусство мектебинин (БЗИМдин) жана Синергия чыгармачылык өнөрканасынын мурунку көргөзмөлөрүнүн жана долбоорлорунун материалдары; текстиль калдыктарынан функционалдык - чыгармачылык объекттер; декоративдик-колдонмо искусствонун буюмдары жана курбу кыздардан жана достордон чогултулган интерьер элементтери. Программанын бардык иш – чаралары буга чейин түзүлгөн, процессте учурунда жаралып (видео, жарыялоо, кол менен коллаж, крафтивизм) же жаңы предметтик өндүрүштү талап кылбаган нерселерден чогултулат - дем алуу жана эс алуу, ой бөлүшүү, маанилерди кайталоо, окуу, чогуу чай ичүү дегендей.
Аң-сезим экологиясы, мамилелер жана иш – аракеттер экологиясы, дененин экологиясы - буларды биз коомдук мейкиндиктин алкагында сезебиз, жашап өтөбүз, түшүнөбүз.
Мейкиндик Бермет Бөрүбаева, Аймээрим Турсалиева, Чынаркүл Жусупкелдиева, Адель Исмаилханова, Алима Токмергенова, Сыйнат Жолдошева, Диана Ухина, Талгат Бериковдун эмгеги жана чыгармачылыгы, белгисиз уздардын, ошондой эле тартылган ыктыярчылардын эмгектери менен жаралат.
