top of page

Ширетүүчү цех: Чынгыз Айдаров жана Саша Филатова (Кыргызстан)

Уулуу чөйрө

Металл калдыктарынан жасалган инсталляция, Дубовый парк

Ыңгайсыз абалга кептелгенибизде, социалдык чөйрө жөнүндө айта алабыз. Кимдир бирөө же бир нерсенин ашыкча болгондо, анан да ал муунтуп жатканда. Же тескерисинче, жалгызсырап, сүйлөшө турган эч ким жок, өсүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондо. 

 

Тең салмактуу экосистема - бул биз башка түрлөр менен таттуу мамиледе жашай алгандыгыбыз. Бул биз ар дайым ыңгайлуу шарттарда жашайбыз дегенди билдирбейт, а бирок балансты табуу жолун үйрөтөт.  Мисс Тоби биздин экосистемага жаңы көндүмдөрдү, ыкмаларды киргизип, биз тең салмактуу мүнөздөгү экосистеманы түздүк. Металл сыныктарын алуучу жайлар жана жайма базар биздин илхамыбыздын булагына, ошондой эле каармандарыбыз жараткан материалга айланды.

 

Металлды кайра иштетүүгө болот. Аны казып алуу, иштетүү жана кайра иштетүү айлана-чөйрөнүн булганышына себепчи, мындан ары иштетүүгө жарабаган, функцияны аткарбаган нерсени дат басууга ыргытып жиберүү оңой. Бирок материалдардын баалуулугу алардын кандай жашай ала тургандыгында болсочу? Алардын жашоо тарыхында жана барлык болуу циклинде. Кыргызстанда металл казылып алынабы? Чыгармачылык үчүн бул аймакка таандык салттуу материал катары эсептелинбейт. Бирок көптөгөн металл буюмдары бар өткөндүн калдыктары кайра чечмелениши мүмкүн.

Долбоорго германиялык сүрөтчү Мисс Тобинин 2023-жылдын март-апрель айларында Бишкектеги Чыңгыз Айдаровдун "Заманбап" галереясына караштуу арт-резиденцияда жүргөн маалында жаратылган 20 объект кирди.

 

Чыңгыз Айдаров – көп дисциплинардык сүрөтчү, Бишкекте жашайт жана эмгектенет. Чыңгыз классикалык көркөм билим алган жана Чуйков атындагы кыргыз көркөм окуу жайынан тартып "Гараж" музейинин арт-резиденциясына чейинки ар кыл көркөм мекемелер менен кызматташып келет. Перформативдик искусство анын көркөм практикасында негизги ролду ойнойт. Чыңгыз Айдаров "кол салуу" деп аталган күчтүү көркөм перформанстардын салтын улантууда. Чыңгыз мындай перформанстар үчүн өз денесин медиум катары колдонот; перформанстардын бир бөлүгү көргөзмөлөр үчүн документтештирилген, башкалары хэппенинг түрүндө болгон. Ширетүүчү цехте сүрөтчү 2013-жылы өткөн "Подьем-переворот" көргөзмөсүнүн алкагында тартылган живопись сүрөттөрүнүн сериясындагы өзүнүн белгилүү каармандарын жандандырган.

 

2022-жылдын сентябрында Чыңгыз инсультка кабылып, учурда реабилитация процессинен өтүп жатат. Окуу жана сүйлөө көйгөйлөрүнө карабастан, сүрөтчү бул функцияларды калыбына келтирүү үчүн мээни токтобостон машыктырат. Ширетүү цехи дал ушул мезгилде пайда болду.

 

Саша (Александра) Филатова, сүрөтчү жана изилдөөчү, өз убактысын Бишкек (Кыргызстан) менен Сур (Ливан) ортосунда бөлүштүрүп келет. Ал визуалдык тилди изилдөө менен алектенет, ар түрдүү жамааттар кантип жана эмне менен жашаарын түшүнүүгө умтулат, социалдык процесстерди жакшыраак түшүнүү жана дискурстун деколонизацияланышын ишке ашыруу жолу катары искусствону колдонуп, Глобалдык Түштүктүн жана башка өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрү менен илимпоздорунун кызматташтыгына жана билим алмашуусуна кол кабыш кылып келет. Саясий философияга негизделген эпистемологиялык база жана визуалдык тил Саша Филатова үчүн көркөм сүрөттөөнүн күчтүү куралы катары кызмат кылат. Сүрөтчү Кыргызстанда көргөзмөлөрдү уюштурууда жана аларга катышууда, эреже катары, белгилүү бир тажрыйбаларды куруу үчүн мейкиндик жана контекст менен ойнойт, ошондой эле инсталляциялар менен интерактивдүү объекттер аркылуу эмоцияларды талкуулайт.

 

Анын арт-критика жаатындагы долбоору боюнча социалдык тармактардагы #критикуюкакмогу хэштеги аркылуу таанышса болот

 

Мисс Тоби – ширетүү боюнча адис. Анын скульптураларын Нью-Йорктогу Хай-Лайндан тартып, учурда жашап жаткан Берлин аянттарына чейинки көптөгөн коомдук жайларда көрүүгө болот. Ал Берлинде өспүрүмдөр үчүн ширетүү боюнча семинарларды өткөрөт жана анда-санда дүйнө жүзүндөгү сүрөтчүлөр менен кызматташуу үчүн чет өлкөлөргө чыгып турат.

https://orangegecko.de/

Фотограф — Эрмек Жениш
bottom of page