Алена Абитова и Бегимай Заирбек кызы
(Кыргызстан)
ШАХМАТКА КАЙРА ИШТЕТҮҮ
Цемент жана гипс менен бекемделген папье-маше ыкмасындагы скульптуралар, Алтын-Казык
Алена Абитова өз ишинде табылган материалдарды жаңы объекттерди жаратуу үчүн колдонот. Бир нече жылдан бери Алтын Казыктагы "сакталып калган китептер китепканасында" балдар шахмат менен машыгышат. Учурда аларды шахмат боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону Бегимай Заирбек кызы жетектеп, чемпион болууга үйрөтүп жатат. Алена балдардын кызыгып берилүүсүнөн шыктанып, алар үчүн ачык аянтта чоң шахмат жаратууну чечти. Фестивалдын жүрүшүндө Бегимай Заирбек кызы окуучулар менен бирге жараткан шахмат менен бир нече ирет оюн өткөрөт.
Алена Абитова - Бишкектик сүрөтчү, декор буюмдарынын дизайнери. Өзүнүн практикасында, ички жасалгаларды түзүү үчүн гипс, эпоксид менен иштейт. 2021-жылы "ТРЭШ-3: экология + искусство" фестивалына катышып, социалдык багыттагы искусствонун али тушоосу кесиле элек долбоорлорун "Алтын-Казык" конушунда сунган.
Фотограф — Роман Третьяков