Антон Карманов
(Орусия)
Укмуштуу Токой
Коомдук мейкиндикти биргелешип долбоорлоо
Айкел-объекттер, Алтын-Казык к-шу
Архитектуранын күнүмдүк турмушка тийгизген таасири кылымдар бою изилденип келген. Мейкиндиктин жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү адамдын эмоционалдык абалын өзгөртөт, айрыкча шаарды көрктөндүрүү программалары ишке ашырылбаган аймактарда.
Алтын-Казык жашоочулары менен фестивалдын катышуучуларынын ортосундагы биргелешип долбоорлоо аянтчасын түзүү менен биз жаңы мамилелерди жана эмоцияларды калыптандыруу аркылуу тажрыйба жүргүзүп жатабыз. Суу, жылуулук, балдар бакчалары, китепканалар, балдар аянтчалары сыяктуу негизги муктаждыктарга жетүү Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда жарым-жартылай же толугу менен чектелиши мүмкүн.
Бул долбоор аркылуу биз жашоочулар үчүн коомдук мейкиндикти гана сунуш кылбастан, Алтын-Казык окуучу кызы жөнүндөгү "ЖАРКЫРАГАН ТОО" аттуу жомоктогу каармандардын интеграциясы аркылуу утопия экендигин көрсөтөбүз. Ошентип, биз өздөштүрүп жаткан мейкиндик, үч бурчтук формасын туурап, китептеги сыйкырдуу кичинекей өлкөнүн укмуштуудай токоюна айланып, биздин чындыкка каршы келген утопиялык аралды жаратат, анда балдар үчүн ойноого жер жок.
Ишке ашыруу: Антон Карманов, Аймээрим Турсалиева, Бермет Бөрүбаева, Оксана Капишникова, Равшан та Жинг, Мунара Боромбаева, Чынаркүл Жусупкелдиева жана башкалар.
Бишкек санитардык полигонунун директоруна жана кызматкерлерине, Алтын-Казык көчө жана квартал башчыларына көрсөткөн колдоолору жана жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Антон Карманов — изилдөөчү, сүрөтчү, китеп басып чыгаруучу, заманбап искусство жана архитектура боюнча билим берүү программаларынын автору. Кемероводо туулган. Ал КемГУ / ТГУнун саясий илимдер жана социология ф-тинде, Родченко мектебинде, “Эмне кылуу керек” мектебинде окуган. "Город завтрашнего дня", "Гастев. Как надо работать", "Летний семинар по бумажной архитектуре в ГЭС2", "НЭР: Новая история будет", "Die Grenze", "Полевые исследования: освободить знание", "Unmapping Eurasia", "Ленивое искусство" долбоорлорунун, "Paper Architecture in Novosibirsk" китеп долбоору жана башка долбоорлордун катышуучусу. "Творческая дача" жана "Всероссийское общество святых" ижевдик арт-тобунун, "На дне" новосибирдик тобунун катарында турат.
Фотограф — Илья Денбров