top of page

Кендал Генри

Паблик-арт боюнча мастер-класс

Катышуучулар: Илья Денбров, Иван Калиничев, Нурпери Орунбаева, Владимир Тарасов, Валентин Федоров

Нью-Йоркто жашап иштеген паблик-арт чөйрөсүндөгү куратор Кендал Генри Алтын-Казык кичи районунда Арт-проспект жана Trash-5 фестивалы үчүн кайра иштетилген материалдарды колдонуу менен сайт-спецификалык объекттерди түзүүгө басым жасоо менен мастер-класстардын сериясын өткөрөт.

 

Мастер-класстардын алкагында катышуучулар концепцияны иштеп чыгуу, паблик-арт объектилерин жана функционалдык арт-объектилерди түзүү жана орнотуу процесси менен тааныштырылат. Мындай практикалык тажрыйба паблик-арт жаатында билимин жана жөндөмүн кеңейтүүнү каалаган сүрөтчүлөр үчүн баа жеткис практикалык тажрыйба болушу мүмкүн.

 

Бул мастер-класс кайра иштетилген материалдарды колдонууга арналып, искусстводо туруктуу өнүгүүнүн жана экологиялык аң-сезимдин маанилүүлүгүн баса белгилейт. Бул материалдар менен иштөө аркылуу катышуучулар искусство чыгармаларын жаратуунун инновациялык ыкмалары менен гана таанышпастан, өз жамааттарында экологиялык тажрыйбаларды жайылтууга өз салымын кошушат.

 

Борбор Азиянын кызыккан  жаш сүрөтчүлөрүн катышууга чакырабыз. Маанилүү эскертүү: жаңы билимге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдалануу үчүн катышуучуларга мастер-класстын алкагында бардык сабактарга катышуу сунушталат.

 

Мастер-класс жаш сүрөтчүлөр үчүн паблик-арт дүйнөсү тууралуу баалуу билимдерди алууга, өзүнүн чыгармачылык горизонтторун кеңейтүүгө жана Алтын-Казык кичи районундагы Арт-проспект жана Trash-5 фестивалына маңыздуу жана экологиялык салым кошууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Илья Денбров

Тоолор

Айланадагы жагдайдын абалы бизден көз каранды, ар бир адам өз аракети же аракетсиздиги менен анын калыптанышына салым кошот. Кандайдыр бир өзгөрүүнү жасоо жалгыз адамдын колунан келе бербегендей сезилиши мүмкүн, а бирок көптөгөн дал ошол жалгыз адамдардын иш-аракетинин багыттары дал келген учурда чоң өзгөрүүлөр ишке ашат. Жөпжөнөкөй эле кайдыгерлик менен аракетсиздик коркунучтуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

 

Кече эле бул жерде экологиялык катастрофага айланып кетүү коркунучун туудуруп, тоодой үйүлгөн чоң таштанды күйүп жатты эле. Адам баласы өз колу менен жараткан таштанды. Кантсе да, элдин аркасы менен бул көйгөй чечилип жатат. Таштанды таштоочу жай өчүрүлүп, рекультивация процесси жүрүп жатат. Көп жылдардан кийин жаратылыш өз берекесин төгүп, бул жерди кооз жашыл адырларга айландырар.

Сиз кандай жерди каалайсыз? Келечек ар бирибиздин ар бир күн сайын жасаган тандообуздан көз каранды.


Валентин Федоров

Өтүү

 

Нурпери Орунбаева
Koz tiybesin, korgosun

Иван Калиничев

Шаардын борборуна алып келүүчү портал

Бул шаардын борборуна алып келүүчү виртуалдык портал. Ал Алтын-Казыкты Бишкек менен түздөн-түз байланыштыруу үчүн жасалган.

Иван Калиничев

Шаардык таштанды таштоочу жайга алып келүүчү портал

Күтүлбөгөн калдыктар үчүн Бишкектин ичиндеги кыска жол.

Владимир Тарасов

Эч өзгөрүү алып келбеген шамал

Шамал согуп жатат. 

Таштанды калып жатат.

Колдон келгенин кылып жатабыз.

А бирок бул жетишсиз. 

Шамал согуп жатат, эч бир өзгөрүү жок.

Автор фотографий ниже — Илья Денбров

bottom of page