top of page

Лера Лернер

(Россия)

Табият жана маданияттагы этика, саясат жана таштанды экономикасына жаңыча көз-караш

Алтын-Казыкта перформативдик медиация-сейилдөө

Бул сейилдөө илимий билимдин жана көркөм мамиленин айкалышына негизделген. Сүрөтчү жөө жүрүштүн катышуучулары менен бул түшүнүктөрдүн түзмө-түз жана абстрактуу чечмеленишинин ортосунда жылып отуруп таштанды менен булгануу жөнүндө сөз кылат. Алып баруучу таштанды жөнүндө: таштанды ыңгайсыз, зыяндуу, убактылуу, жаңылыштык, натыйжасыз нерсе катары сыяктуу ар кандай түшүнүктөр менен байланышкан жаратылыш дүйнөсүндөгү ар кандай карама-каршы мыйзамдар жөнүндө айтып бермекчи. Ошондой эле, көркөм объекттерди көргөндөн кийинки жаралган сынына таянып, катышуучулар булгануу темасына карата өз позициясын чагылдырууга чакырылат.

Сейилдөөчүлөр биргеликте жаратылыштан, искусстводон жана бири-бирибизден үйрөнө ала турган нерселерди изилдешет.

 

Лера Лернер - сүрөтчү, куратор, медиатор, педагог, «Воображаемого музея перемещенных лиц» музейинин негиздөөчүсү. Ал өз ара билим берүү жана инклюзивдик практикага негизделген социалдык-поэтикалык искусство менен алектенет. Сүрөтчү ар кандай жамааттар менен бөлүшүү жана колдоо үчүн сыйкырдуу жана коопсуз мейкиндиктерди жаратат. Ал өзүнүн долбоорлорунда кам көрүү жана ырахаттын күнүмдүк ырым-жырымдарын изилдейт. Ал эмпатиянын дене кыймылдары аркылуу ишке ашуучу перформативдик практикасы аркылуу белгилүү бир адамдардын “башкаларга окшош эместик” чектерин жоюуну же кабыл алуунун жолдорун изденет. Лернер кокустукка, кереметке, интуицияга жана сүйүүгө ишенет. Ал аткаруу, арт-медиация, инсталляция жана изилдөө аркылуу коомдук мейкиндикте стихиялуу баарлашууга шарт түзөт.

Фотограф — Эрмек Жениш

ART PROSPECT

subscribe to our news

3.jpg

 

© 2023 Art Prospect

bottom of page