Нурпери Орунбаева
(Кыргызстан)
Куткарылган өмүр
Конушту изилдөө жана мозаика түзүү, Алтын-Казык
Алтын-казык суу сактагычындагы, ошондой эле мен жашаган жердеги аптаптуу мезгилде сууга чөгүп кеткен балдар тууралуу жаңылыктар жүрөгүмдү өйкөйт. Бул окуялар ушул эки конушту бириктирет. Мен жашаган жерде суунун өчүрүлүшүнөн бул кабар тууралуу билебиз, анткени каналда кимдир бирөө чөгүп кеткендиктен, анын денесин табуу үчүн суу берүү токтотулат, суунун басымы алсырап, жан дүйнөбүз соолуп, бизди бактысыз кылып жүрөгүбүздү жаралайт. Бүт квартал болуп издөөгө жардам берүү үчүн фонарлар менен чыгабыз. Бул жыл сайын кайталанып келе жатканына көңүлүм чөгөт. Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, мунун жолун табуу адамгерчиликке жатмак.
Нурпери Орунбаева — сүрөтчү, салттуу кол өнөрчүлүк менен алектенип, аны заманбап инсталляция жанры менен айкалыштырат. Өз элинин тарыхына жана жеке өткөн тарыхына таянуу менен коомдук-саясий жана маданий жактан маанилүү иштерди жаратып келет.