top of page

Илья Сибиряков

(Россия)

РеМатематика

Community work жана Сайенс-арт, Алтын-Казык

Жеңил уук-керегеси бар боз үйдүн түндүгү – бул көчмөндөрдүн турак жайынын символу, ал эми токуу - салттуу кол өнөрчүлүк. Түйүндөрдүн математикалык теориясына таянып (Math), автор бирдиктүү бир туташ жаадан турган каркасын, ууктарды, иштеп чыккан, ал эми минималдуу беттердин топологиялык касиеттери ууктун токулган жабдуусунун көркөм чечимин иштеп чыгууга өбөлгө түзгөн. Таштанды таштоочу жайга келип жаткан текстиль калдыктарынын көптүгү кайра иштетүү аркылуу көлөмү боюнча боз үйлөргө туура келген масштабдуу курулуштарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Алтын-Казык районунун тургундарын оригиналдуу технология боюнча куполдуу арт-объектти түзүү үчүн ачык устаканага чакыруу менен сүрөтчү аларга кайра иштетилген текстиль калдыктарын колдонуу жана көркөм чыгармачылыкта математиканын ролу жөнүндө түшүнүктөрдү кеңейтүүгө жардам берет. 

 

Илья Сибиряков – кол өнөрчүлүк, илим жана перформанстын кесилишинде иш алпарып масштабдуу көркөм объектилерди жараткан архитектор-сүрөтчү. Анын ыкмасы арт-объекттерди курууга атайын даярдыгы жок адамдарды тартуу менен байланыштуу. Бул анын технология жана дизайн жаатындагы издөө багытын аныктайт.

Илья Сибиряков архитектор-художник, создающий масштабные арт-объекты на стыке искусства, ремёсла, науки и перформанса.  Его метод связан с  вовлечением людей без специальной подготовки в создание арт-объектов. Это определяет направление его поисков в области технологий и дизайна.

Фотограф — Эрмек Жениш
IMG_9938.jpg
IMG_9944.jpg

ART PROSPECT

subscribe to our news

3.jpg

 

© 2023 Art Prospect

bottom of page